Ысык-Көлдө “келинди баласынын көзүнчө зордуктаган” деп шектелген жарандын иши сотко өттү

Ысык-Көлдө “келинди баласынын көзүнчө зордуктаган” деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти Тоң райондук соту карайт.

Айта кетсек, 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.

Кылмышка шектүү көрсөтмөсүндө: “Башында келин өзү макул болгон, бирок кийин чыр чыгаргандыктан талаага таштап кетип калгам”, - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
UlukmanKalyev
2016-09-26 15:50:05
Кунажын козун сузбосо ... жибин узбойттон болуптурда. Уят кеминде 100 жылга камаш керек педофилдерге жол жок
-5
ekaterinburg
2016-09-26 16:13:50
UlukmanKalyev,педофил жонундо соз болгон жок бул жакта.Педофил деп жашы жете элек балдар же кызжар менен жыныстык катнашта болсо же зордуктаса,ошолорду айтат.
+2
fanatka19
2016-09-26 16:12:15
ХХХ өзү макул болгон деп,кайсы жинди аял баласынын көзунчө макул болмок эле.
+8
admin_portal
2016-09-26 17:41:14
fanatka19, этика нормаларын сактаңыз!
-3
UlukmanKalyev
2016-09-26 18:42:02
ekaterinburg, педофил менен мунун айырмасы не адам зордуктап атпайбы.
0
Kanatbek81
2016-09-26 23:02:31
UlukmanKalyev,педофилия жашы жэтпегендерди зордуктагандарды айтат, бул апасын деп жазылып турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан