Бишкектеги Ак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG порталынын парламенттеги кабарчысы билдирди.
“Саат 15:20да Ак үйдүн 1-кабатында өрт чыкты. Бир бөлмө күйүп жатат. Учурда кызматкерлер өрттү өчүрүп жатышат. Алдын ала божомол боюнча, тилсиз жоонун келип чыгышына электр зымдарынын чукул туташуусу себеп болгон”, - дейт кабарчы.