Өзгөндө баласы никесиз төрөлгөнүн жашыруу үчүн аны көчөгө таштап кеткен эне табылды

Өзгөн районунда 3 күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Окуя болгондон кийин эле баланы асырап алууну каалагандар чыккан. Арадан 3 күн өтүп, ымыркайдын энеси туугандары менен кайрылып, баланы кайтарып алууну көздөп жаткандыгын билдиришкен. 1994-жылы туулган баланын энеси өз сөзүндө турмушка чыкпаганын жана ымыркай никесиз төрөлгөнүн билдирген. Тууган-уругунан муну жашыруу үчүн ушул кадамга барганын кошумчалаган. Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, бул маселе каралууда. Комиссия бардык жагдайларды карап чыгып, анан бүтүм чыгармакчы", - дейт Ашырбаев.

Эске салсак, 3-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Өзгөн районунда көчөдөн 3 күндүк ымыркай табылган. Ымыркай Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Maha-0711
2016-09-26 16:50:42
Балага жетпей жургондор канча.бироого зар бироого кор деп ушуну айтат да
+11
Zainka
2016-09-26 18:12:14
Ушундай кыздар качан эс акылына келип, башка жагы менен эмес мээси менен ойлонуп жашайт болду экен. Эс акылына келип калган эле учуру экен 22 жашта болсо . Бироо жакшы суйлоп койсо эле кошула береби?! Намыс деген такыр эле жок экен да. Кийин ушул баласынын деле бетин кантип карайт?!
+6
Azizbek.kg8
2016-09-27 02:20:06
Негизи кыздарды жигитерибиз алдап койот суйом куйом алам деп айтоор шылтоосу коп.Жигитерда бир аз жоопкерчиликту болууга чакырам .Ушул ишти кылаарда бир аз ойлонуп койгулачы.ушул эле соз кыздарга да тийишту
+3
Abubakir05
2016-09-27 07:23:02
Баланын атасын да таап жазалаш керек кызды эле куноолой бербей.Балким зордоп койгон.
+4
Gul.08
2016-09-27 18:30:13
Ээ тооба Эмне деген жашоо болуп баратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан