Бишкекте тургундарды “кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутушуп, акча талап кылып жүрүшкөн 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери А.А. жана Т. уулу А., С.А. аттуу жарандар шаар тургундарынын чөнтөгүнө баңгизат салуу менен “кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутушуп, акча талап кылып жүрүшкөн. Аталган топ 24-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы милиция кызматкери А.А. жумушка орношконуна 10 эле күн болгон”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.