Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушундагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 42 жаштагы аял түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“Өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 26-сентябрь күнү саат 21:30 чамасында келип түшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн кире бериш бөлмөсү, килем, төшөк күйгөн. Ошондой эле 1974-жылы туулган К.С. аттуу аял түтүнгө ууланып, “Тез жардам” аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр жабдууларын пайдаланууда эрежелердин бузулушу себеп болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.