Йеменде үйлөнүү той учурунда кыздын атасы граната жардырып, 12 аял жана 4 жаш бала каза болду

Йеменде үйлөнүү той учурунда турмушка чыга турган кыздын атасы граната жардырып, 12 аял жана 4 жаш бала каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-сентябрда Ярим шаарындагы Ибб аймагындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда психикалык жактан жабыркаган кыздын атасы тойго аялдар чогулуп баштаганда граната жардырып жиберген. Натыйжада 12 аял жана 4 жаш бала каза таап, 20га жакын аял ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкандардын арасында кыздын апасы жана чоң апасы да бар. Бактыга жараша, турмушка чыгып жаткан кыз аман калган, себеби чогулган аялдардын алдына чыга элек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
UlukmanKalyev
2016-09-28 10:41:39
Терроризмдин кесепети. Ал псих эмес террорист болгон.
-4
Urmat_83
2016-09-28 10:46:27
UlukmanKalyev,Эми акылына карап тушуносун да.Бир нерсе болсо эле террорист деп.Каапырларга кошулуп кыйкырып чыга тургандардан экенсин да
Психикалык оруулу деп жазылып туратго
+10
ekaterinburg
2016-09-28 10:49:04
UlukmanKalyev,ошол жерде жургондой айтыпсын го...Террористтер уй-булоосун жардырбаса керек деп ойлойм.
+11
Nur1k
2016-09-28 17:30:56
UlukmanKalyev, оба орустар арак ичсе да террористтер куноолуу. Американец семирип кетсе да террорист куноолуу. Мусулманмын деген адамдын баардыгы террорист. Сен кантип 5 миллиондон ашык террористтерлин арасында жашап жатасын? ХХХ ХХХ ХХХ
+3
admin_portal
2016-09-28 17:36:36
Nur1k, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
ruslan868600
2016-09-28 17:44:04
террористти терророрст дейт,башка эмне демек эле,психикалык оорулуу болсо башка нерсени колдонот беле аларды олтургону,таяк,бычак,балта дегендей.Бул жерде граната жардыруу болтат,эмне силерге алардын ар биринин чонтогундо граната бар бекен,же ар бир мусулманда бар бекен.Озунор ойлонгулачы...
+1
Sirduusezim
2016-09-28 17:50:25
Мынчале башынарды катырасынар, койгулачы откон иш отту калгандардын омурун берсин
+3
UlukmanKalyev
2016-09-28 20:48:35
Nur1k, башын жетсе жазсан террорист болбосо тойдо адам коп куну граната жардырат беле.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан