Токтогул районунда катталган жол кырсыгынан 3 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 05:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 337-чакырымында орун алган. Анда Мерседес Гигант үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, унаасы оодарылып кеткен. Натыйжада 3 адам оор, 2 адам жеңил жаракат алышкан.
"ӨКМнын 94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.