Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Сары-Талаа айылында жыгач устундуу, шифер жабылган 68 чарчы метр сарайдын чатыры, 300 түк чөп күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.