Тогуз-Торо районунда кара куурай өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Сузак районунун 59 жаштагы А.Б. аттуу тургунун кармашкан. Текшерүү учурунда жанынан 1 килограмм 500 грамм марихуана табылган.
“Анын аталган райондун Жалгыз-Кайың тилкесинде кара куурай өстүргөнү аныкталды. Жалпысынан 1 тонна 118 килограмм кара куурай алынып, кылмыш иши козголду. Ал эми кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.