Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1968-жылы туулган Т.И. аттуу кыргыз жараны 27-сентябрда кармалган. Ал “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспортун көрсөтүү менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган.
“Кармалган жарандын айтымында, ал өзүнүн паспортун жоготуп алгандыктан ушундай жолго барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Т.И. аттуу жарандын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна тыюу салынганы аныкталган. Учурда ал УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.