Араван районунда Кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Араван районунда Кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2004-жылы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн токтому менен өндүрүшкө ылайыкталган 5,8 гектар жер тилкеси “Алмалык Көмүр” ишканасына 15 жылга ижарага берилген. Бирок аталган райондун Кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары мыйзамды бузуп, өндүрүшкө ылайыкталган жер тилкени “айыл чарбага ылайыкталган” деп өзгөртүшүп, жергиликтүү тургунга 5 жылга ижарага берип коюшкан.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан