Москвада мекендештери тарабынан сабалган кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтып берди

Москвада мекендештери тарабынан сабалган 25 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны окуянын чоо-жайын орусиялык телеканалдардын бирине айтып берди. Белгисиз адамдар аны 5 саат кыйнап, 200 миң рубль талап кылышкан.

Москвадагы компаниялардын биринде менеджер болуп иштеп жаткам. Ошол учурда эки кызды жумушка алгам, бирок алар эртеси эле “кетебиз, акчабызды бер” деп башташты. Мен аларга башкы эсепчиге баруулары керек экенин айткам”, - деп айтылат жабырлануучунун маегинде.

Орусиялык телеканалдардын биринин маалыматына караганда, менеджерге ачууланып калышкан эки кыз Москвадагы тааныш адамдарына кайрылышкан.

31-август күнү 6 адам мени токойго алып барып, 5 саат сабашты. Ошондой эле бычак, тапанча менен коркутуп, 200 миң рубль талап кылышты. Акыры туугандарыма чалып, 20 миң рубль таап бердим. Анан алар документтеримди алып калышып, калган акчаны таап келиш үчүн коё беришти”, - дейт жабырлануучу.

Айта кетсек, бул кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Алардын баары кыргыздар болушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз жараны мекендештери тарабынан 5 саат кордолгон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ekaterinburg
2016-09-28 14:53:20
Рекет соройлор...Куртунар мурдунардан тушсун эми!
+16
dasbai
2016-09-28 15:08:15
Мурда айтышчуу кылмыш кырк жылда билинет деп көзүңөрдү ачкыла азыр 40минутта билинет менин айтарым адам болуп жаралгандан кийин адамча жүрүгүлөчү айбанга айланбай мындай көрүнүштөр екатеринбургта да болуп турат
+17
mir996
2016-09-28 15:56:20
Дегеле акыркы убакта Москва шаарындагы мекендештерибиздин арасында алдамчылык кобойуп баратат.
+12
Lekarstvosvoegomuja
2016-09-28 15:56:23
Ой! Коросунорго булар дагы бошонуп кетишет ооруп калышып
+4
kyrgyzka90
2016-09-28 16:08:29
Балким бул кыз жанагындай фирмада иштейттир акча алып келип жазыласын Анан арканддан адам жазасын деген жалганчы фирмалар барго ошентип эки кыздын акчасын алгандыр Анан Ал эки кыз эртеси болбойт экен акчаны кайра берин десе бербегендир Деп ойлойм кандай эле бир кун иштеген акча учун уруш чыгарышсын.
-2
nurka_85
2016-09-28 16:26:24
kyrgyzka90,
Андай болсо арыз жазмак беле?
Мен ойлмдум деп эле оозунарга не келсе суйлой бересинерби?
+3
Izdeim_seni.
2016-09-28 16:37:15
Беш саат сабагандай эмес го,бир жери тытылыптыр болгону
+1
modem4999
2016-09-28 18:05:23
Шымын туро калып аябай корсотту го.
+1
Keremet008
2016-09-28 18:57:10
Эл журт мен да силерден жардам сурайм жаңы үйлөнгөнүбуздөн ч список бп кайра кр да 1.6 жыл жүрдүм жаш балам мн.Черн списоктон чыгып кайра москвада жолдошум мн жакшына эле жашап атам. Кайра регистрация жасатсак эми ошо рег жасаган кыргыздар кайра өзүбүздү алдап рег фальш жасап коюптур эми мен аны билбепмин окуума барып келейин деп жатам ага барсам кайра черн список кылып коебу деп коркуп атам. Алар тимеле кост шымдарды кийип асмандан сүйлөп чоң кыз таза жасайбыз деп атат ошолорду ким көзөмөлдөйт
+1
modem4999
2016-09-28 19:56:41
Keremet008,
0
modem4999
2016-09-28 19:34:30
Аларды эч ким козомолдобойт.Россиядан бир кудайга анан озунузго эле ишениниз.Кыргызстанга биз акча жонотуш учун эле керекпиз,мигранттардын укугун коргойун деген бир киши жок.Убакыт откорбой кирди чыкты кылыныз,менин бир таанышым границага барып келди,тынч эле сиздикиндей проблема болчу.таксисттерден тактап сурап алыныз.
+6
Medina87
2016-09-28 20:45:19
Бул жерде жабырлануучунун созуно, таяк жеген жерлерине караганда озундо го дейм айып. Алты адам бир эле иреттен урганда да бети-башынан тамтык калбайт болуш керек.
Себеби; Москвада озубуздун эле жердештер жумушка киргизип ортомчулук акысын алып, же айлыгын бербей алдап кеткен учурлар бар экенин айтып эле журушпойбу.
+2
karina_kg95
2016-09-28 20:51:31
Жакшы болуптур ,бул бала канча кыздардын акчасын жеген,олтуруп койбоптур
0
KyrgyzKagan
2016-09-28 21:25:48
Бул видеодогу жабырлануучу Озбек бала экен акцент менен суйлоп жатат. Анан менеджер болуп иштегенинде шегим бар. Себеби орустар окууга тапшырам деп келген адамды дароо эле менеджерликке албайт. Иштеседа бир жалган фирмада иштеген 10-15кун иштетип акчасын бербей кетирип салчуу. Москвада ошондой жалган фирмалар аябай коп, иштетип бербей койчу же жумушка саатына 300-400дон толойт мед.китепчени озубуз даярдайбыз деп 2000 алып ошол менен байбай кылат. Бул балдар жанагы алданган 2кызга болуша коёбуз
+3
KyrgyzKagan
2016-09-28 21:35:48
KyrgyzKagan, деп эле кармалып калды, Жаш балдар жаштык кылышыптыр. Ал эми Рекетирлерге келсек, туура кыргыз бандит балдар коп бирок бул балдар бандит эмес. Бандитер антип бутун бираз чыбык менен сабагандай урбайт, Бут денесин жанчып 2-3 тишин кубуп, бутун же колун созсуз сындырмак, жана полицияга кабарласа турмодо турупда олтурмогун эскертмек. Канча бала ошентип олуп кетти. Кыйтыр озбек дароо вайдаат деп бара койдуда менттерге. аларда бир чон мафияны кармагансып окуяны кобуртуп жабыртып жатышат
+5
KyrgyzKagan
2016-09-28 21:41:26
KyrgyzKagan, Ушул жерде орустун скиндери кордогондо СМИ же менттер улутчулдук эмес жон эле бытовой спор менен уруша кетишкен деп, бейбаштык боюнча иш козгомок. Бул балдар кыргыз же не русский (Москвада эки эле улут жашайт Русский жана Не русский) экени учун оор берене менен соттолуп жатат.
+2
Soni130587
2016-09-28 21:53:21
Адамдык сапат калбады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан