Бишкекте катуу шамалдан улам чоң дарак сынып, жөө адамдар өтүүчү жолду тороп калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG`ге окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 16:45тер чамасында М.Горький жана А.Радищев көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган. Анда катуу шамалдан улам чоң дарак жарымынан сынып түшүп, жөө адамдар өтүүчү жолду тороп калган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыйроолор жана жабыркагандар жок.