Ноокат районунда бала бакчага тиешелүү жер тилкенин менчиктештирилип кеткени боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү “Жийде-Бурак” бала бакчасынын жетекчиси аталган айыл өкмөттүн, каттоо кызматынын, райондук архивдин кызматкерлери менен жашыруун сүйлөшүүгө барып, бала бакчага тиешелүү 0,15 гектар жер тилкесин менчиктештирип алган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.