Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Милиция кызматкерлерине 38 жаштагы Ч.И. аттуу аял кайрылган. Анда ал чала тааныш Ш.Г. жана Б.А. аттуу аялдар Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып беребиз деп 70 миң сом алып, ошол боюнча бербей жүрүшкөнүн айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 55 жаштагы Б.А. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurka_85
2016-09-29 14:08:20
Тообо, кунуго алдамчылыкка шектелип кармалгандар чыгат, таза адам калганбы озу кыргызстанда?
+3
Sirduusezim
2016-09-29 14:18:16
Эми аял киши жоон эле отура бербейт бекен. Кудайды бар экенин билишпейт бекен а
0
HAPPY.GIRL
2016-09-29 14:50:29
Жер алып берем деген аялдарга ишенбегиле,карап турсан кийип турган кийиминди чечип кетчудой ары суйроп бирди айтып бери суйлоп бирди айтып!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан