Кытайдын Хуэйцзе аймагынан 16 адамдын жансыз денеси табылды, алардын үчөө жаш балдар

Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Хуэйцзе аймагында 16 адамдын жансыз денеси табылды, алардын үчөө жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"29-сентябрь күнү таң эрте 16 адамдын жансыз денеси табылды. Алардын үчөө жаш балдар. Окуя болгон жерде тиешелүү мекемелердин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Окуянын чоо-жайы айтыла элек", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми айрым маалыматтарда каза тапкандардын денелери алты турак жайдын короосунан табылганы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкандардын баары киши колдуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aygir
2016-09-29 22:26:27
Уйгурлар эмес бекен каза болгондор?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан