Борбордогу кафелердин биринен мас абалда кыздарды ур-токмокко алган жаранга кылмыш иши козголду

Бишкектеги кафелердин биринен мас абалда кыздарды ур-токмокко алган жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Борбордогу эс алуучу жайлардын биринен кардарларды ур-токмокко алган жаранга "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бүгүнкү күндө эс алуучу жайдын кызматкерлери суракка алынып, кылмышка шектүүнү издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Эске салсак, окуя 22-августта борбордогу кафелердин биринде орун алган. Анда мас абалдагы болжол менен 55-60 жаштагы Мирлан аттуу киши кафенин кардарларына тийишип, терс жооп алганда аларды ур-токмокко алган. Социалдык тармактарга жабырлануучулардын бири аларды сабаган жаранды табууга көмөктөшүүнү өтүнүп билдирүү тараткан болчу.

Эркек кишинин колу кыздарга кантип көтөрүлдү экен?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Izdeim_seni.
2016-09-29 17:01:29
Табалабасанарчы билбей эле
-1
KGstan1981
2016-09-29 17:02:23
Мурун апам айтчуу эле эркек кишини корсок жолду айланып отчу элек деп.Азыркы кезде кыздардын тилдери узун болуп койноктору этектерине ч-н кыскарып кеткен.
+4
basyz-kaman
2016-09-29 17:09:32
Эх заман эмне болуп баратат... аял кишини урган эркек кишинин иши эмес бирок тиги кыздар дагы сөз менен наамысына тийип коюшкан сыяктуу...
+3
modem4999
2016-09-29 18:07:01
Супердин сайтына жалан эле ичпеген,чекпеген,кафеге барбаган,ото эле ыймандуу ,акылдуу адамдар киреби деп калдым.
+3
vangolu
2016-09-29 21:17:00
modem4999,туура айтасыз.бут эле молдо политик аналитик
-1
nakiw
2016-09-29 19:10:23
Чала болот.уйдо оокатынды кылып кыссып отурсан балекеттен алыс болосун.
+1
kani-esen
2016-09-29 21:21:37
Кыздар баштаптыр го биринчи.
Дагы эки жуздуулук кылып сотко бергендерин кара.тарбиясы жоктор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан