Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Пионер көчөсүндө жайгашкан турак жайлардын биринин короосундагы 120 чарчы метр мал сарай, 50 түк беде, 5 кой, 8 коён, 15 тоок күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.