Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда жергиликтүү тургундун үйүнөн тапанча жана автоматтын огу табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“Оперативдүү маалыматтардын негизинде Ак-Ордо жаңы конушунун А.А. аттуу тургунунун үйү текшерүүгө алынган. Натыйжада Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын октору табылган. Алардын мыйзамсыз сакталганы аныкталып, экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми жаңы конуштун тургуну тергөө бөлүмүнө жеткирилген”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.