Кытайдын Коммунисттик партиясынын комитетинин мурунку катчысы жемкорлукка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн ири шаарларынын бири Гуанчжоу шаарынын экс-катчысы Вань Цинлян жалпы суммасы 111 миллион 25 миң юань (1 миллиард 136 миллион сом) пара менен кармалган. Кармалган экс-катчы күнөөлүү деп табылган. Эми ал өмүр бою абакта күн кечирет.
Вань Цинлян акыркы жылдары губернатордун орун басары болуп иштеп келген.