Бишкекте баңгизат менен 22 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-сентябрда Ж.Пудовкин жана Донецк көчөлөрүнүн кесилишинен 22 жаштагы М.М. аттуу шаар тургуну тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда анын чөнтөгүнөн жашыл түстөгү зат алынган. Кийин ал гашиш экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.