Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталды

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда интернет колдонуучуларынын бири Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:20 чамасында болгон. Анда Лексус GX 470 жана Тойота Камри үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Ал каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, кырсык болгон жерге кызматкерлер чыгып кетишкенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
lesa123
2016-10-03 09:24:20
ооба, мен дагы кордум. Бирок жабыркануучулар жок, жакшы болду.
-3
tuigan.
2016-10-03 10:18:40
Мен да кордум.кудай сактасын баарыбызды
0
Sirduusezim
2016-10-03 13:34:08
Саарлап ичип алганына там бердим ама
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан