Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү жол кырсыгынан 3 адам жабыркады, алардын бири салык кызматкери

Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:20да болгон. Анда Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй келе жаткан Лексус GX 470 унаасы каршы тилкеге чыгып, түштүктү көздөй бара жаткан Тойота Камри унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1972-жылы туулган Жакынбек Байдавлетов, ичиндеги бир жүргүнчү жана Лексус GX 470 унаасынын айдоочусу 1982-жылы туулган Саид Мураталиев жабыркап, ооруканага жеткирилген. Саид Мураталиев мас болгон деген маалымат бар. Ал эми Жакынбек Байдавлетов Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык кызматынын кызматкери болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, Лексус GX 470 унаасынын айдоочусунун мас абалда болгону текшерилүүдө”, - деди Патрулдук милициянын басма сөз кызматкери Таалай Бугубаев.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталганын интернет колдонуучулары жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaiMak
2016-10-03 11:08:27
бирин олуп бирин кал...Откондогу 1.7 млн сомго номер алган айдоочу кокус сузушуп кетсе тушуп эле номерди караса керекле,машина олуп кетсин мага номер керек деп)
-1
Seryi-Kardinal
2016-10-03 12:23:58
KaiMak,bawry ki4ine iwtetsen al nomeri jogolup ketse dele synyp kalsa dele kaira az ele ak4aga vostanovit etip alat
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан