Санкт-Петербург шаарында унаанын көтөргүчү кулап, 3 кыргыз жараны жабыркады

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында унаанын көтөргүчү кулап, 3 кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-октябрда саат 16:30да Ленин кең көчөсүндө жайгашкан үйдө жарнамалык конструкцияларды алмаштыруу учурунда болгон.

Белгисиз себептер менен “Строй-Сервис” ишканасына таандык КамАЗ унаасынын көтөргүчү жерге кулап түшкөн. Кырсыктан улам Кыргыз Республикасынын 3 жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Жабыркагандар “Свободные руки” ишканасында эмгектенишет. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат орусиялык маалымат каражаттарында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urmat-87
2016-10-03 16:40:05
Айланайын кыргыз боордошторум кайда журсөнөрда аман болгулачы бөөдө кырсыктан кудайым өзү сактап аман эсен өз мекенибизге келишинерди каалайм.
+15
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан