Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 51 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адам талаадан 7 баш коюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 52 жаштагы Токтогул районунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.