Сирияда үлпөт той учурунда террорист өзүн жардырып, 20дан ашуун адам каза болду

Сирияда үлпөт тойдо террорист өзүн жардырып, 20дан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сириянын Эль-Хасек шаарында тойдогу жардырууда 20дан ашуун адам каза таап, 30га жакын адам жаракат алды. Жан кечти өзүн үлпөт той өтүп жаткан залда жардырып жиберген. Азырынча эч бир экстремисттик топ аталган кылмыштын жасалышы боюнча жоопкерчилик ала элек.

Буга чейин Хама шаарындагы Аль-Аси аянтында дагы бир жан кечти өзүн жардырып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
stimyl.kg
2016-10-04 10:34:15
Фанатизмдын арты ушундай жоготууларга алып барат. Фанатизм улуттун душманы.
+4
Rifle_S
2016-10-04 10:47:22
Жалпылап фанатизм дебей , так жазуу керек.
Террорист - динге , илимге , улутка, жыныска карап бөлүнбөйт. Террорист ал Африкада да террорист.
0
moskoy
2016-10-04 13:02:37
Rifle_S,Онгочунор узулгончо актанбагылачы.
-2
frunze777
2016-10-04 11:42:58
Диний фанатизмден терроризмге бир кадам!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан