Чүй облусунда "банкоматтан 405 миң сом акча уурдаган" деген шек менен чет элдик жаран кармалды

Чүй облусунда "банкоматтан 405 миң сом акча уурдаган" деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

1-октябрь күнү түнкү саат үчтөр чамасында Кант шаарындагы соода борборлорунун биринде банкоматтан 405 миң сом уурдалган. Бул кылмышка шектүү катары изи сууй электе Молдованын 41 жаштагы З.М. аттуу жараны кармалган”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, кылмышты жалгыз киши жасаган эмес. Буга чейин уюштурулуп, андан соң ишке ашкан. Кылмышка шектүү окуя болгондон бир күн мурун Казакстандан келип, Бишкектеги мейманканалардын биринде түнөгөн.

Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sirduusezim
2016-10-04 12:28:02
Кантип деген суроого жооп берип койосдарбы? Супер
+1
Alixan-Nookat.2015
2016-10-04 13:33:13
Sirduusezim,Кандай алганын айтса эртең сенда акча уурдап журбогун.
+5
Rifle_S
2016-10-04 14:16:26
Банкоматтар кадимки WINDOWS OS менен иштейт. Анын тилин жакшы билген адам каалаганын жасайт да.
Утуптан издесең, бир бала банкоматта тетрис оюнун запуск кылып ойногон.
0
avtogrand
2016-10-04 12:32:17
Аа З.М бекен
+1
Malik92
2016-10-04 12:48:10
2 айга көп эмеспи 1 күн камап кое беришсин. 10 миң сомдук телефон уурдаган кыргызды 6 жылга эркинен ажыратып бүт мал-мүлкүн конфискациялаган соттор каякта экен буга мыйзам иштебейби ?
+5
Rifle_S
2016-10-04 14:17:41
2 айга маалымат тактагынча кармалган. Кийин соттолсо отургузат көп жылга, бирок акча менен качырып жиберет .
0
Kroxa
2016-10-04 17:37:26
Да,,россия казакстанды бутуруп аяктан кармалып,качышып эми кыргызстанда оппоной кутулат,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан