Жалал-Абад облусунун аймагында "Арсенал" деп аталган операция өтүп, мурда катталган 15 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
“Операция учурунда издөөдө жүргөн 5 кылмышкер кармалып, 5 ок атуучу курал жарандар тарабынан тапшырылды. Ошондой эле мурда катталган 15 кылмыштын бети ачылган: 1 каракчылык, 1 опузалап талап кылуу, 1 тоноочулук, 4 зордуктоо, 6 уурулук жана 2 мал уурдоо”, - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБинин маалыматында.