Оштогу мейманканалардын биринин 7-кабатынан 1 кыз кулап түшүп, каза болду

Оштогу мейманканалардын биринин 7-кабатынан 30 жаштагы кыз кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 2-октябрь күнү саат 18:00 чамасында болгон. Кыз интернет аркылуу таанышкан жигити менен мейманканага келген. Андан соң спирт ичимдиктерин ичишип, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Кийин кыз жигитин бөлмөдөн чыгарып, көп өтпөй 7-кабаттан кулап түшкөн. Жабырлануучу ооруканадан көз жумган”, - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.

Белгилей кетсек, окуя катталган күнү кыздын ким экендиги так аныкталбай, коомчулукка "маркумдун жашы болжолдуу 20 жашта" деп таратылган. Кийин кыздын өздүгү такталып, анын 30 жашта экени аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
shamshiev.80
2016-10-04 16:04:16
Чет элден келген жигит болсо керек да кореиц же турк
+6
shamshiev.80
2016-10-04 16:07:05
Азыркы жаштардын сайттардагы досторун карасан баары эле чет элдиктер менен достошот экен,16 17жаштагы кыздарыбыз
+8
Seryi-Kardinal
2016-10-04 16:22:16
zordop koiso kerek da
+2
KyrgyzKagan
2016-10-04 16:23:30
7-Кабаттан секиргенине караганда Ош Нуру мурунку Интурист окшойт. Башка коп кабаттуу мейманкана жок Ошто. Анан дагы бир жагдай ал жерге жалан чет элдиктер келип тунойт же бир шишканын уулу. Кыздын жигити кыргыз эмес болсо керек.
+5
NURSU1993
2016-10-04 18:21:48
KyrgyzKagan,Андан башка деле мейманкана бар. Мисалы: классик мейменканасы коп кабаттуу
-2
KyrgyzKagan
2016-10-04 22:45:08
NURSU1993,Коп кабаттуу деп адашып жазыпмын 7кабаттуу мейманкана жок башка.
+1
samsungc3
2016-10-04 16:48:00
Жигити милициялар коё бериптир,ал кыз кулап түшкөндө жигит сыртка чыгып кеткени видеокөзөмөлгө түшүп калган экен.
+5
Guzi88
2016-10-04 16:57:03
Эээээ тоообаа азыркы жаштар....эмнеси болсода жаткан жери жайлуу болсун
+3
fanatka19
2016-10-04 18:16:38
Жигити бир нерсе дебесе эле кулай бермек беле.
-3
HA3AP
2016-10-04 19:45:25
Азыркы жаштар, таанышалек жатып мейманканага жөнөшөт.
+3
kyrgyz.kg83
2016-10-04 21:01:06
Кандай деген кундода,ото окунучту иш болуптур,
+1
Ananai
2016-10-04 23:44:13
20жаштагы кызга кайдагы мейманканада балээ бышырып коюптурбу дейм да.Тем более жигит менен.Ушундайларды угуп нервим ойноп кетет пффф...
+1
bom.bon
2016-10-05 01:39:43
Арактын кесепети!
+1
lolo.1
2016-10-05 03:05:15
Башка жол мн олбоптур.олгону деле уят болуптур
-1
Nasyrkg
2016-10-05 07:57:40
Бара калды анан кыздык жок.жигити эшиктен чыгып кетти озу терезеден чыгып кетти ошо да.
+2
Bibi2009
2016-10-05 11:01:21
Гостницада не бар тааныбаган адам менен
0
Rasul_Rahmanaliev
2016-10-05 11:10:25
Акылдуу,ыймандуу кыз мейманкага барбайт болчу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан