Санкт-Петербург шаарында октон жабыркаган кыргыз жаранынын абалы орто. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, жабыркаган жаран Ош облусунун 1988-жылы туулган Р.Н. аттуу тургуну болгон. Учурда ал Мариинск ооруканасында дарыланууда. Алгач ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийин хирургиялык бөлүмгө которулган. Дарыгерлердин корутундусуна ылайык, ал орто оор абалда.
Айта кетсек, окуя 2-октябрга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Лиговск кең көчөсүндөгү “Золотая рыбка” кафесинде болгон. Анда белгисиз адам кыргыз жаранын травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.