Азимжан Аскаровдун соту 11-октябрда уланат

Азимжан Аскаровдун соту 11-октябрда уланат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди 4-октябрда өткөн сот отурумунда Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы чыгарган. Эми ар шейшемби сайын Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде Азимжан Аскаровдун иши каралат.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
azamat.k
2016-10-05 09:10:47
Эмнеге эле соттолгон адамды кайра эле сот кылып жатышат?ушул с...ты чыгаргала калышты биздин олумсанги соттор бийликтегилер.Уят ар намыс деген барбы озу негизи,бул неме турмодо чириш керек.Эгерде актап чыгарып жиберсе чон жанжал болот.
+8
Ssamat
2016-10-05 09:57:16
Омур бою чыгарбаш керек бундайларды.кыргыз адвакаты да иштен бошотуш керек
+4
Nukitaigoo
2016-10-05 10:32:18
кыргыз эли бир Мадырабашка (озбеке) кучу жетпей жатабы? кечке эле соту уланып жатат.
+1
Muratmipa
2016-10-05 13:11:41
Nukitaigoo,акчанын кучу акчасын берип жатат ошо сразу актагандан коркуп жылдырып жатат
0
shamshiev.80
2016-10-05 13:44:25
Аскаров,Юсупов,дегендерден биздин ажоо коркот корунот.Окунучтууу!!!
0
Isken.der
2016-10-05 14:40:43
Сот бир нерсе чече алабы өзү, кайра кайра эле соттой бербей камап сал.
0
kyrgyz.kg83
2016-10-05 15:29:41
Ким билет,ертеге бошойтурган болсо булда звезда болот европада,Бишкектен европага же америкага учатко прямо,ошондо бул адамдын чыныгы жузу ачылат,кыргыздарды мыкачы кылып озун бир байкуш корсотсо мен танкалбайм,ошон учун арканды узунурак таштап ойлонуш керек,бутундой Кыргыз калкын жамандай електе,жактоочусуна айторум кыргыз болсо бул ишке барбайт елен,акчанын кучу менен тогулгон кандарды тебелеп жатасын.ойлон кеч боло електе??????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан