Өткөн суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош жолунун 444-чакырымында North-Benz үлгүсүндөгү газ ташуучу унаанын чиркегичинен өрт чыкты. Анда чиркегичтин 6 дөңгөлөгү күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.