Кичинекей балдардын канга боёлгончо мушташканы тууралуу видео башка өлкөдө тартылган болушу мүмкүн

Кичинекей балдардын канга боёлгончо мушташканы тууралуу видео боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

"Учурда иликтөө иштери улантылууда. Тиешелүү кызматтардын кызматкерлерине тапшырмалар берилген. Эгер бул видео биздин өлкөдө тартылган болсо, ал аймактардын биринде тартылган болушу мүмкүн. Бирок бул видео башка өлкөдө да тартылган деген маалыматтар бар. Азырынча ал маалымат да текшерилүүдө. Эгерде видео Кыргыз жеринде тартылган болсо, аны уюштургандар сөзсүз түрдө жоопко тартылышмакчы", - деди Сейитов.

Айта кетсек, 3-октябрда социалдык тармактардын биринде кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Балдарды айланчыктаган чоң кишилер эки бала ыйлаганына карабай аларды кайраштырып, "ур, саба, жанч" деп кыйкырып турушкан.

Балдардын кан төгүлгүчө согушканын карап тургандарын...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
firstmankg
2016-10-05 10:42:03
ХХХ экенго.
0
frunze777
2016-10-05 10:51:52
Видео туштуктун кайсы бир аймагында болушу мумкун деген ойго келдим. Туштукто тигинтип кам кирпич куйчу озбектер болуучу эле. Ал эми урушкан жаш балдар кыргыз болуусу да мумкун... Озбекистан деп кутулуп кетпей жакшылап иликтоо керек куч тузумдору...
0
Soni130587
2016-10-05 11:39:43
Бир махалада болгондурда [moderated]дер го озу булар ушундай калк короздон эми адам уруштурганга отушуптурда
0
Kumush_94
2016-10-05 13:24:00
Таш боорлор десе.
0
beko.m
2016-10-05 19:05:35
Кыргыздар эле,жанындагы уруштуруп карап тургандар да кыргыздар,корунуп эле турбайбы.Аны табыш ошончо кыйын бекен?
-1
beko.m
2016-10-05 19:07:58
Кыргыздар башка олкого барып кыш куйбайт,териштириш керек тез арада
0
dasbai
2016-10-06 21:54:05
Чоңдор жакшылап көңүлүн койуп караштырсын бул точна кыргызстанда еле карап тургандар чынын айтыш керек ХХХ екен балдар алардыкы емес бири
0
admin_portal
2016-10-07 11:24:31
dasbai, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан