Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген Мубарак Турганбаев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген Мубарак Турганбаев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Турганбаевдин жактоочусу Токтайым Назаралиева билдирди.

"Мубарак Турганбаев кечээ Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келип, өз эрки менен сурак берген. Андан соң УКМКнын СИЗОсуна киргизилди", - дейт Назаралиева.

Айта кетсек, УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жан кечтинин жана жардырууну уюштургандардын атын атаган. Анда издөөгө алынгандардын катарында Мубарак Турганбаев да бар болчу. Бирок Турганбаев күнөөсүз экенин айтып, интернеттеги баракчасына "Тиги террористтер менен эч кандай катышым жок. Мага түшүмө да кирбеген чоң айып коюлууда" деп жазган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mambo-1984
2016-10-05 11:12:39
эмнеге киргизди болду экен
0
Mers124
2016-10-05 12:09:23
Кыйнап мойнуна алдырбаса болду
+7
kirgiz1988
2016-10-05 12:13:41
Биздин куч органдарынан баарын кутсо болот.
+6
Aytur
2016-10-05 14:43:03
Эми даагы пакет кийгизип кыйнап мойнуна алдырышат
+1
aiba_00
2016-10-05 16:07:40
А балким чын, шамал болбосо бактын башы кыймылдабайт, жон жерден эле аты аталбаса керек.
-1
radyakiz
2016-10-05 17:43:19
Бул байкушка жон жерден жалаа жабылат экен да. Озу жпзыптыр го баракчасына мен акча которуп иштейм деп кимдин ким экенин билбей элдин баары менен иштешет да кайдан билди террорист экенин
0
malikovich
2016-10-05 21:08:13
кудайым озун колдой кор байкеми! адам турпатында жургон макулуктардын айынан куноосу жоктордун жашы тогулбосунчу..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан