Орусияда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны 2014-жылы Орусиядан чыгарылган. Мындан улам ага 2019-жылдын 2-октябрына чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.
“Кармалган жаран жаңы паспорт алып, аты-жөнүн өзгөртүп, кайрадан Сахалинге келген. Учурда бул окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат. Мындай кылмыш үчүн кыргыз жараны мыйзам боюнча 4 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, - деп жазылат маалыматта.