Жайыл районунда мал жана акча уурдоого шектелгендер кармалышты

Жайыл районунда мал жана акча уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда милицияга арыз менен 29 жаштагы Новониколаевка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнүн короосунан уюн уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 75 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы К.В. жана Ж.А. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Кийин бул кылмышка катыштыгы бар делип 16 жаштагы С.К. аттуу өспүрүм да кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөр Алексеевка жана Новониколаевка айылдарынан уй, Кызыл-Дыйкан айылынан 7 кой уурдашканы аныкталган. Ошондой эле Красновосточный айылындагы үйлөрдөн 54 346 сом өлчөмүндөгү акча уурдашканы белгилүү болгон. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан