Бишкектеги жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза болду

Бишкектеги Асанбай кичи районунда жол кырсыгы катталып, жөө адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-октябрь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Анда жөө жүрүүчүнү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы жаран башкарып келе жаткан. Ал Токомбаев көчөсү менен батыш тарапты көздөй баратып, Куттубаев көчөсү менен кесилишкен жерден жөө бара жаткан 50 жаштагы эркек кишини сүзүп алган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп айтылат Патрулдук милициянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sirduusezim
2016-10-05 14:45:36
Жайы жанаттан болсун
+1
Mers124
2016-10-05 15:01:29
Жол кырсыктан өлүп да атышат, камалып да атышат. Ктрден жол эрежени түшүндүргөн ролик алып чыккыла деп Илимге кайрылдым эле. Илим башы оорубайт экен го
+1
tita
2016-10-05 22:05:36
Негизи биздин Кыргызбайлар, жол четиндеги жоо журуучу жургонду билишпейтда... Машина айдап кетип жатсан жолдун ортосунан басышат авто журуучу... Ошондуктан ушундайлар коп болуп жатат деп ойлойм... Жоо жургунчуго дагы айып пул салыш керек, же дагы бир нерсе ойлоп табыш керек..
Каза болгон адамдын жайы жаннаттан болсун.. А тиги туртуп алганга адилеттуулук менен чечим чыгарышына тилектешмин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан