Непалда эки күндүн ичинде 40тай адам чөөлөрдүн кол салуусунан жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү болгон. Анда Гаруда, Мохаммадпур, Пипарапачарукхи жана Гамхария деген кыштактарда жашаган адамдар жабыркаган.
“Оор абалдагы 18 адам айыл аймагында кутурма оорусуна каршы вакцина жок болгондугу үчүн борбор шаардагы ооруканага жеткирилген. Чөөлөрдүн бул регионго кол салуусунун себептери учурда такталып жатат. Жергиликтүү тургундар окуя болгондон кийин чөөлөрдү атып жок кыла башташты. Учурда 2 чөө жок кылынды”, - деп жазылат маалыматта.