Орусияда бычактан жараат алган кыргыз жаранынын абалы оор

Орусияда бычактан жараат алган кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрь күнү Санкт-Петербург шаарында болгон. Анда 1995-жылы туулган О.И. аттуу кыргыз жаранын белгисиз адамдар бычактап кетишкен.

Кыргыз жараны аталган шаарда таксист болуп иштечү. Жүргүнчүлөр белгиленген жерге жеткенде аны бычактап, качып кетишкен. Жабырлануучу учурда ооруканада, азырынча абалы оор”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tynara81
2016-10-06 10:26:22
Байкуш бала айыгып кетсин. Таксист болуп иштөө опурталдуу да өзү. Анан эмне кылсын,иштейт да акча табуу үчүн ((
+3
Sirduusezim
2016-10-06 11:14:31
Шыпаасын берсин алла таалам!
+1
barakcha
2016-10-06 11:51:30
Бир кыргыздын эле колунан келди го...
0
Rifle_S
2016-10-06 14:38:48
barakcha,ойду түздөп туралы.
+1
lolo.1
2016-10-06 12:48:20
О.И.жакшы болуп кет бир тууганым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан