Каракол шаарында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-сентябрда Ички иштер министрлиги менен бирге атайын операция жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү делген М.О. жана А.Р. аттуу эки жаран кармалган. Алар жашаган жерден экстремисттик маанайдагы китептер, баракчалар, журналдар, дисктер табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.