Ала-Бука районунда турак үйдө өрт чыгып, 128 чарчы метр чатыры күйдү

Ала-Бука районунда турак үйдө өрт чыгып, 128 чарчы метр чатыры күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 5-октябрь күнү саат 18:00 чамасында аталган райондун Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булан айылында болгон. Анда турак үйдө өрт чыгып, 128 чарчы метр чатыры жана 35 түк чөп күйгөн. Аны өчүрүүгө 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан