Түштүк Кореяда катуу шамал адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Ульсан шаарында катуу шамал орун алган. Жаратылыш кырсыгынан 7 адам каза болуп, 3 адам дайынсыз болууда. Аталган аймакта темир жол жана аба каттамдары толугу менен токтотулган.
Шамалдан улам суунун толкуну пайда болуп, шаардын көчөлөрүн суу каптаган. Мындан 200 миң үй чарбасы зыянга учураган. Учурда бийлик тарабынан куткаруучулар тобу иштеп, кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттерин көрүп жатканы айтылат маалыматта.