Түркиядагы жардыруудан 10 адам жабыркады

Түркиянын Стамбул шаарында кечээ, 6-октябрда жардыргыч зат салынган мотоцикл жарылып, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык маалымат агенттиктери жазышты.

Маалыматка караганда, учурда жардыргыч затты алып келген террорист камакка алынып, андан башка дагы 2 адам кармалды.

"Жарылган мотоциклдин жанында турган унаалар да зыян тарткан. Ошондой эле 10дон ашык адам жабыркады. Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым бул жардырууга “Ислам мамлекети” тобунун катыштыгы бар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chyngyz2012
2016-10-07 12:06:07
Кыргыздар жок бекен зыян тарткан
0
prenses
2016-10-07 12:25:23
Bizdin ui jaktan jarildi,kudai saktap kop kishi jok jerde boldu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан