Өздөрүн “кыргыз моджахеддери” деп тааныштырган үч адамдын Кыргыз Республикасына болгон
видеокайрылуусу 5-октябрда интернетке чыкты. 27 мүнөт 45 секундага созулган видеодо курал кармаган адамдардын бири кайрылууну окуган. Кайрылууда бийликте отургандардын көзүн май басып калганы, Алмазбек Атамбаевдин жана анын командасынын чыныгы террорист экени айтылат. Ошондой эле кайрылууда Кыргыз мамлекетинде исламдагы шарияттар толугу менен орношу керектиги, канчалык бийлик алмашпасын абал ошол эле бойдон экени камтылган. Видеонун акырында өлкөдөгү окуяларга Сириядан көз салып турушары, ушуга окшогон кайрылуулар дагы чыгары айтылган.
Бул видео тууралуу УКМКга кайрылганыбызда, басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов кайрылуу боюнча текшерүү жүрүп жатканын, ошондой эле ал адамдардын өздүгү такталып жатканын билдирди.