Орусияда "маңзат саткан" деп кармалган Кыргыз Республикасынын жараны 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Омск облустук соту 7-октябрдагы отурумда чыгарган. Чечимге ылайык, 28 жаштагы Сухбатилло Хаитов аттуу жаран Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин
228.1-беренеси (маңзат сатуу) менен айыптуу деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Айта кетсек, Сухбатилло Хаитов 2015-жылдын 17-декабрында 7 килограмм героин жана 4,5 грамм гашиш сатып жаткан жеринен кармалган.