Түркияда эки жан кечти өздөрүн жардырып жиберишти. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда түркиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя саат 06:00 чамасында Анкарадан 30 чакырым алыстыктагы Хаймана районунда болгон. Анда талаадагы үйлөрдүн биринде жашырынып турган эки адамды полиция багынып берүүгө чакырган, бирок баш тартышып, өздөрүн жардырып жиберишкен.
"Окуя болгон жерден жардыргыч зат жасоочу 200 килограммга жакын аммиак табылган. Алар Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарынан келишкен. Буга чейин издөөдө жүрүшкөн. Анкарада бир катар жардырууларды уюштурууну пландашкан", - деп айтылат маалыматта.