Нарын дарыясынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы Нарын дарыясынан 8-октябрь күнү саат 15:05 чамасында ӨКМнын 16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары милиция кызматкерлери менен биргеликте азиат улутундагы болжол менен 60-65 жаштагы аялдын жансыз денесин чыгарышкан. Кийин маркумдун денеси Нарын шаарынын ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген.