Чүй облусунда катталган жол кырсыгында айдоочу жана жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Токмок шаарында Бишкек-Торугарт айланма жолунун 54-чакырымында орун алган. Анда Фольксваген Бора жана Форд Фокус унаалары бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада биринчи унаанын 1981-жылы туулган С.С. аттуу айдоочусу оң бутунан жана 1986-жылы туулган жүргүнчүсү көкүрөгүнөн жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү эч кандай жаракат алышкан эмес. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.