Ош облусунда эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири жаракат алды

Ош облусунда эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири руль менен отургучтун ортосуна кыпчылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Өзгөн районунун Көк-Жар айылында 8-октябрь күнү саат 22:50дө орун алган. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Хонда Степвагон унаалары сүзүшкөн. Натыйжада Хонда Степвагон унаасынын 1990-жылы туулган Т.К. аттуу айдоочусу отургуч менен рулдун ортосуна кыпчылып калган. Окуя болгон жерге ӨКМнын 53-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, кыпчылып калган адамды чыгарып, аны медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан