Бишкекте тоноочулукка шектелип шаар тургуну кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 50 жаштагы М.Ш. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 8-октябрь күнү саат 19:10 чамасында 3-кичи районунан болжол менен 20-22 жаштагы белгисиз жаран күч колдонуу менен 15 жаштагы уулунун 12 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.У. аттуу шаар тургуну кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмышка да тиешеси бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан